Биз социалдык тармакта

Ашууларда кар. Төө-Ашууда оор жүк ташуучу ууналарга убактылуу чектөө киргизилди (видео)

Бишкек – Ош унаа жолунун Ала-Бел жана Төө-Ашуу ашууларында кар калың жаап, бороон болуп жаткандыгына байланыштуу оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизилди.

Транспорт министрлиги маалымдагандай, бүгүн, 11-ноябрда саат 17:10дон тарта Токтогул районундагы Чычкан стационардык постунда жана Сосновка постунда оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсү убактылуу токтотулду.

"Жол тейлөө кызматкерлери тарабынан жолдорду кардан тазалоо жана инерттик материалдарды себүү иштери жүргүзүлүүдө", - деп кошумчаланат маалыматта.

Ашууларда кар. Төө-Ашууда оор жүк ташуучу ууналарга чектөө киргизилди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан