Биз социалдык тармакта

Бишкекте жамгырда жолго асфальт төшөлгөнү сынга алынууда (видео)

Бишкектеги Гоголь жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде жаан жаап жатканына карабай асфальт төшөө иштери жүргүзүлүп жатканы социалдык тармактарда сынга кабылды.

Видеонун автору 10-ноябрда саат 20:00 чамасында видео тартып, жумушчулар асфальтты суу болгон жолго, көлчүктөрдүн үстүнө төшөп жатышканын билдирип нааразы болду.

"Бул жөн гана жоопкерчиликсиздик эмес, технологияны түздөн-түз бузуу. Мунун кесепетинен жолдо чуңкурлар пайда болуп, асфальт тез эскирет. Андан кийин Бишкек мэриясы кайрадан жолду оңдоого каражат издөөгө аргасыз болот",- деп жазган ал.

Азырынча бул боюнча Бишкек мэриясынан түшүндүрмө бериле элек.

Бишкекте жамгырга карабай асфальт төшөгөндөр сынга кабылды (видео)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан