Интернет желесинде Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда күйүп жаткан жүк ташуучу унааны өчүрүүгө айдоочулар жардам берип жатканы тартылган видео тарады.
Видеонун автору: "Окуя болгон жерден өтүп бара жаткан айдоочулардын ар бири токтоп, колдон келген жардамын көрсөтүп жатышты",- деп билдирүү калтырган.
ӨКМдин Нарын облусундагы башкармалыгы кырсык кечээ, 11-ноябрда болуп, Volvo үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын чиркегичинин дөңгөлөгүнөн өрт чыккандыгын маалымдады. Өрт саат 22:37де толук өчүрүлгөн.