Кечээ, 11-ноябрда Ташкент шаарында Кыргызстандын айыл чарба министри Эрлист Акунбеков Өзбекстандын айыл чарба министри Иброхим Абдурахмонов менен жолугушуп, кыргыз картошкасын Өзбекстанга үзгүлтүксүз экспорттоо боюнча макулдашты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Ошондой эле тараптар айыл чарба продукцияларын экспорттоону кеңейтүү, кайра иштетүү тармагына инвестиция тартуу жана биргелешкен ишканаларды түзүү маселелерин талкуулашты.