Биз социалдык тармакта

Өлкөдө ооруларды дарылоонун 60тай жаңы алгоритми иштелип чыкты

Саламаттык сактоо министрлиги жүрөк-кан тамыр ооруларын, бөйрөк патологияларын, сепсистик жана шоктук абалдарды, ошондой эле онкологиялык ооруларды аныктоо жана дарылоо боюнча 60тан ашык жаңы алгоритм иштеп чыкты. Бул тууралуу кечээ, 11-ноябрда аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда алгоритмдерди медициналык мекемелерге киргизүү, шашылыш жардам көрсөтүүнүн бирдиктүү тартибин түзүү жана бейтаптарды тиешелүү деңгээлдеги ооруканаларга багыттоо иштери жүрүп жатат.

"Бул багытта 10-12-ноябрь күндөрү Бишкекте жана Чүй облусундагы медициналык мекемелердин адистери үчүн окутуу тренингдери өтүүдө. Ал эми Ош, Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын жана Талас облустарынын медицина кызматкерлери онлайн форматта окуп жатышат. Тренингдерде бейтаптарды дарылоо алгоритмдери, шашылыш медициналык жардам көрсөтүүнүн практикалык ыкмалары жана медициналык мекемелер ортосунда бейтаптарды багыттоо тартиби үйрөтүлүүдө",- деп белгиленди маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан