Бүгүн, 12-ноябрда cоциалдык тармактарда жерде чачылып жаткан акчалардын видеосу тарап, көпчүлүктүн көңүлүн бурууда.
Кадрлардан акчалардын жанында турган кызматтык формачан адамдарды байкоого болот. Окуя Казакстандын Астана шаарында болгон.
Азырынча акчалардын эмне себептен чачылганы, кимге таандык экени белгисиз. Бирок пара алуу фактысына байланыштуу экендиги айтылууда.