Биз социалдык тармакта

Мамбетжунус Абылов президенттикке талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз тапшырды

Бүгүн, 12-ноябрда саясий жана коомдук ишмер Мамбетжунус Абылов президенттикке өзүнүн талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен БШКга кайрылды. Бул тууралуу аталган мекемеден маалымдашты.

Абылов 1990-жылдары Борбордук шайлоо комиссиясын, кийин Өзгөчө кырдаалдар министрлигин жетектеген. Андан соң Малайзия жана Түркияда Кыргызстандын элчиси болуп иштеген.

Ошондой эле Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетинин курамына кирип, бул иш боюнча кармалган. 2024-жылы сот тарабынан акталган.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күнгө карата БШКга өлкө башчылыгына талапкерлигин көрсөтүү боюнча жалпысынан 10 арыз келип түштү.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан