Биз социалдык тармакта

Бактияр Алиев: "Пенсияга чыгууда архивден маалымкат чогултуунун кереги жок" (видео)

Кыргызстанда пенсияны эсептөө жана чектөө процесси толугу менен санариптештирилди. Эми жарандар совет мезгилиндеги эмгек акысын тастыктоо үчүн архивдерден маалымкат чогултууга милдеттүү эмес. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди.

"Мурда Союз учурунда иштеп жүргөн мезгилдеги айлык акыларын тастыктап бериш үчүн архивдерден маалымкат алып келишчү. Ал аябай түйшүктүү иш болчу. Азыр алардын баарын алып салдык",- деди Алиев.

Ал белгилегендей, учурда пенсиянын өлчөмү үч көрсөткүчтүн негизинде автоматтык түрдө эсептелет. Аларга 1996-жылга чейинки эмгек мезгили, базалык бөлүк жана 1996-жылдан кийин Социалдык фондго төлөнгөн камсыздандыруу төгүмдөрү кирет.

Мындан тышкары, жарандар пенсияга чыгуу үчүн "Түндүк" тиркемеси аркылуу арыз берип, төлөм түшө турган банкты тандай алышат.

"Тиркемеге кирип, арыз калтырса, программа автоматтык түрдө пенсияны чектейт. Банкка барып алдын ала карта алуунун да кереги жок. “Түндүк” аркылуу эле банкты тандайт. Пенсиялар ай сайын 10унан тартып төлөнөт. Жарандар ошол күнү банкка барып, картасы менен кошо пенсиясын ала алышат",- деп түшүндүрдү Социалдык фонддун төрагасы.

Бактияр Алиев: "Пенсияга чыгууда архивден маалымкат чогултуунун кереги жок"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан