Талас облусунун аймагында мал уурулук менен алектенип келген кылмыштуу топ кармалды

Талас облусунун аймагында мал уурулук менен алектенип келген кылмыштуу топ кармалды. Бул туурасында Талас райондук ички иштер башкармалыгы бүгүн, 6-февралда билдирди.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 3-февралында Шерик Абдылдаев милицияга кайрылган. Ал 28-январда бир жылкысын белгисиз бирөөлөр уурдап кеткенин айткан.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында кылмышка шектелип ошол эле райондун 3 тургуну кармалды. Алар мындан башка дагы 4 мал уурулук фактысы боюнча шектелип жатышат. Учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары башталды.    

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан