Дүйнөдөгү эң ири технологиялык компаниялардын бири NVIDIA'нын негиздөөчүсү жана башкы директору Женсен Хуанг кызматынан кетти. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар билдиришти.
Мындай чечим анын жеке жашоосуна байланышкан чуулгандуу окуялардан кийин кабыл алынды.
Маалыматка ылайык, 63 жаштагы Хуангдын үй-бүлөлүү экенине карабастан, башка аял менен мамиледе болгону тууралуу маалыматтар тараган. Алардын бири Кытайдын кызыкчылыгына тыңчылык кылышы мүмкүн деген шек менен көңүл борборунда турган ишкер айым экени айтылууда.
Хуанг кызматкерлерине жолдогон билдирүүсүндө жубайына ишенимсиздик кылганын моюнга алып, үй-бүлөсүнө тийгизген таасири үчүн кечирим сурап чыккан.
Белгилей кетсек, бул жаңжал компаниянын акцияларына да таасирин тийгизди. 12-ноябрда компаниянын акциялары биржада сооданын башында 14,3 пайызга чейин арзандап, күндүн жыйынтыгында 4,3 пайыздык төмөндөө менен жабылган. Компаниянын рыноктук баасы да жүздөгөн миллиард долларга кыскарган.
Маалым болгондой, компания жаңы жетекчини тандоо иштерин баштады.