Кечээ, 12-ноябрда Түркиянын Коргоо министрлиги Малатьяда тик учактын кыйрашынан улам 4 аскер кызматкери каза болгонун билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, кырсык Йешилюрт районуна караштуу Саманкөй аймагында жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:45 чамасында болду. Кыйраган тик учак S-70 үлгүсүндө экени аныкталды.
"Бул эки кыймылдаткычтуу тик учактар, адатта, өздүк курамды ташуу, аба-десанттык операциялар, медициналык эвакуация, издөө-куткаруу иштери жана жүк ташуу үчүн колдонулган. Азыркы учурда аймакта иликтөө иштери уланууда, кырсыктын себеби азырынча белгисиз",- деп кошумчаланды маалыматта.