Бүгүн, 13-ноябрда Төө-Ашуу жана Өтмөк ашууларында жолдор ачык, унаалардын каттамы үзгүлтүксүз жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, саат 09:45ке карата Бишкек – Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда, ошондой эле Бишкек – Нарын – Торугарт жолундагы Долон ашуусунда абал туруктуу.
Министрлик айдоочуларды жол эрежелерин сактоого, ылдамдыкты ашырбоого жана аба ырайын эске алууга чакырды.