Ысык-Көл районунун Чоң-Өрүктү айылынын аймагында өткөрүлгөн рейд учурунда көлдөн 400 метрлик эски синтетикалык балык уулоочу тор жана 50 килограмм таштанды чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 13-ноябрда Жаратылыш министрлиги билдирди.
Рейдди министрликке караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл аймактык башкармалыгы браконьерликтин алдын алуу жана суу биоресурстарын коргоо максатында өткөрдү.
Маалыматта сууда калган синтетикалык торлор балыктарга жана башка суу жаныбарларына коркунуч жаратып, көлдүн экосистемине зыян келтиргендиктен, мындай рейддер улантылары белгиленет.