Бүгүн, 13-ноябрда Асеин Исаев Кыргызстандын Бельгиядагы элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Тиешелүү тескемеге өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койду.
Белгилей кетсек, жаңы дайындоого чейин ал тышкы иштер министринин биринчи орун басары кызматын аркалап келген.