Бишкекте Махатма Ганди (мурдагы Муромская) жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде унаа кыймылы убактылуу токтотулат. Бул тууралуу бүгүн, 13-ноябрда мэриядан билдиришти.
Маалым болгондой, аталган көчөдө суу түтүктөрүн тартуу иштерине байланыштуу 14-ноябрдан 17-ноябрга чейин курулуш-монтаждоо иштери жүргүзүлөт.
Айдоочуларга каттамдарын алдын ала пландап, тыгындарды болтурбоо үчүн альтернативдүү жолдорду пайдалануу сунушталат.