Биз социалдык тармакта

Бишкектин Токтогул көчөсүнө веложол курулууда

Бишкектин Токтогул көчөсүнүн Абдрахманов көчөсүнөн Айдарбеков көчөсүнө чейинки бөлүгүнө велосипед үчүн жол каралууда. Бул тууралуу бүгүн, 13-ноябрда мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы жол белгилерин чийип, велосипед жолун унаа тилкесинен бөлүп турган атайын тосмолорду орнотууда.

"Иштер велосипедчендердин жана башка жол кыймылынын катышуучуларынын коопсуздугун камсыздоого багытталган. Учурда Бишкек шаарында жалпы узундугу 77 чакырымды түзгөн веложол бар",- деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан