Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары Ош – Араван унаа жолунда жол кырсыгына кабылган жаранга алгачкы медициналык жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу бүгүн, 13-ноябрда министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын кызматкерлери машыгуудан кайтып келе жатканда жолдун 15-чакырымында кырсыкка кабылган жаранды байкашкан.
Алар ыкчам аракет көрүп, жабырлануучуга алгачкы медициналык жардам көрсөтүштү. Андан соң жаран "Тез жардам" кызматынын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.