Балыкчы шаарында катуу шамал бир катар мектептердин чатырын учуруп кетти

Балыкчы шаарында катуу шамал болуп, бир катар мектептердин чатырын учуруп кетти. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 6-февралда билдирди.

Маалыматка караганда, шамал 4-февралда саат 21:30да башталып, 5-февраль, саат 05:00гө чейин болгон. Анда шамалдын ылдамдыгы секундуна 24-28 метрге чейин жеткен. Анын кесепетинен Манас атындагы №10-мектептин 12 даана шифери, 12 чарчы метр айнек, Каралаев атындагы №6-мектеп-лицейинин 15 даана шифери жана Ленин атындагы №4-мектеп-гимназиясынын 15 даана шифери, 6 чарчы метр айнеги сынган. Келтирилген материалдык чыгым 19 290 сомду түзгөн. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
saltanat.
2014-02-06 11:38:39
Ме ссага. Мамам менен папам иштеген мектеп го именно. Ушул Балыкчынын шамалынан ий, кишини учурат да.))) Илгери деле мындан катуу шамал болчу.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан