Биз социалдык тармакта

Жолдун ортосунда жүргүнчүлөрдү түшүргөн автобуска чара көрүлдү (видео)

Кечээ, 12-ноябрда социалдык тармактарда тараган видео боюнча текшерүү жүргүзүлүп, Бишкектеги коомдук унаанын айдоочусу жүргүнчүлөрдү белгиленген аялдамадан тышкары, жолдон түшүргөнү аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, айдоочуга карата Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык протокол түзүлдү.

"Жүргүнчүлөрдү аялдамага түшүрөйүн десем, жеңил унаалар жол бербей коюшту. Элдердин өтүнүчү менен автобустун эшигин ачып бердим. Мындай көрүнүш мындан ары кайталанбайт",- деп айдоочу түшүндүрмө берди.

Жол эрежесин бузган автобус айдоочуна чара көрүлдү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан