Кечээ, 12-ноябрда социалдык тармактарда тараган видео боюнча текшерүү жүргүзүлүп, Toyota Crown үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жол кыймылынын эрежелерин одоно бузуп, автоээнбаштык жасаганы аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, айдоочуга протокол түзүлүп, унаа айып короосуна киргизилди.
"Ал күнү жамгыр жаап жаткан. Унаага жайкы дөңгөлөк орнотулгандыктан, рулду бир аз башкара албай, унаа айланып кетти. Мындай окуя экинчи кайталанбайт, мындан ары жол эрежелерин сактайм",- деди айдоочу.