Биз социалдык тармакта

Ошто 3 жашар баланын өпкөсүнөн ручканын капкагы алынды

Ошто 3 жаштагы баланын өпкөсүнөн ручканын капкагы операция жолу менен алынды. Бул тууралуу Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасы билдирди.

Маалыматка караганда, 10-ноябрда түнкү саат 23:30 чамасында бала белгисиз зат жутуп алып, Кара-Суу аймактык ооруканасына жеткирилген.

"Аймактык ооруканада бронхоскопиялык аппарат жок болгондуктан, Оштогу облустар аралык балдар клиникалык ооруканасына кайрылышкан. Чакырууга жооп берген анестезиолог-реаниматолог Семетей Кочкорбай уулу керектүү аппарат менен ооруканага барып, баланын өпкөсүнөн ручканын капкагын ийгиликтүү алган. Учурда баланын абалы жакшы, өз алдынча дем алып, аймактык ооруканада дарыгерлердин көзөмөлүндө",- деп айтылды маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан