Америкалык Uber такси кызматынын колдонуучуларынын жеке маалыматтарына белгисиз адамдар уруксатсыз киргени аныкталды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 9-октябрында компанияга кызматташкан подрядчы анын ички эсептик маалыматтары бузулганын жана үчүнчү тарап Uber аккаунтуна кирүү мүмкүнчүлүгүн алганын билдирген.
Окуядан кийин Uber подрядчы менен маалымат алмашууну токтотуп, иликтөө иштерин баштаган.
Документте кайсы маалыматтарга кирүү мүмкүнчүлүгү алынганы жана подрядчынын аталышы так көрсөтүлгөн эмес. Бирок TechCrunch басылмасынын маалыматына караганда, сөз Fireworks AI компаниясы тууралуу болуп, сыртка чыгып кеткен маалыматтардын арасында айдоочулук күбөлүктөрдүн маалыматы да бар.