Бишкекте өз үйүн баңгизатын колдонуучу көмүскө жай катары уюштурган адам кармалды. Бул туурасында Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 6-февралда билдирди.
Маалыматка караганда, Ленин районунун Үмөталиев көчөсүндө жашаган 48 жаштагы Сергей өз үйүн баңгизатын колдонуучулардын уюгуна айланткан. Коңшуларынын айтымында, Сергейдин үйүнө дайыма бейтааныш адамдар келип, ызы-чуу болуп турчу.
Милиция кызматкерлери тарабынан үйдүн ичин тинтүү учурунда колдонулган ийнелер, 15 грамм гашиш табылган. Ошондой эле үйдө 6 адам болгон. Экспертизанын жыйынтыгында алардын баары маңзат колдонгондугу аныкталган.
Учурда “баңгилик каражаттарды колдонуу үчүн көмүскө жайларды уюштуруу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.