Биз социалдык тармакта

"Ош-Тазалык" ишканасына жаңы атайын техникалар тапшырылды

Бүгүн, 16-ноябрда мэр Жанар Акаев “Ош-Тазалык” муниципалдык ишканасына жаңы атайын техникаларды жана жабдууларды тапшырды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Маалым болгондой, иш-чарага Европа биримдигинин өкүлчүлүгүнүн кызматташтык бөлүмүнүн башчысы жана тиешелүү ишканалардын өкүлдөрү катышты.
"Жаңы техникалар Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын колдоосу менен гранттык негизде алынды. Анын ичинде 1 экскаватор-жүктөгүч, 3 таштанды ташуучу унаа, 8 куб метрлик 6 контейнер, таштанды ныктай турган "GYL" үлгүсүндөгү техника, атайын сыйымдуулук жана керектүү тетиктер бар",- деп кошумчалады мэрия.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан