Биз социалдык тармакта

Жылнаама, 16-ноябрь: Кыргызстандын мурдагы президенти Сооронбай Жээнбеков 68 жашка толду

Бүгүн, 16-ноябрда Кыргызстандын мурдагы президенти Сооронбай Жээнбеков 68 жашка толду. Ал 1958-жылы Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Биймырза (Тельман) айылында туулган.

Сооронбай Жээнбеков 1983-жылы Кыргыз айыл чарба институтун зооинженер адистиги боюнча аяктаган. Эмгек жолун мугалимдиктен баштап, кийин айыл чарба тармагында иштеген. 1995-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланып, андан кийин министр, Ош облусунун жетекчиси жана өкмөт башчы кызматтарын аркалаган.

2017-жылы президенттик шайлоодо жеңишке жетип, Кыргызстандын президенти болгон. Ал бул кызматты 2020-жылдын 15-октябрына чейин аркалап, өлкөдөгү саясий кырдаалга байланыштуу кызматтан кеткен. Жубайы Айгүл Токоева экөө бир уул, бир кыздын ата-энеси.

Мурдагы президент учурда коомдук-саясий иштерге активдүү аралашпайт жана маалымат каражаттарына өтө сейрек чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан