Биз социалдык тармакта

Азербайжанда көл ташып, үйлөрдү суу каптады

Бакунун Сабунчу районунда жайгашкан Бюльбюль көлү жээгинен ашып, жакын жайгашкан үйлөрдү суу каптады. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда өлкөнүн маалымат каражаттары билдирди.

Маалыматка ылайык, нөшөрлүү жаандан улам, көлдөгү суунун деңгээли көтөрүлүп, жакынкы короолорду суу каптады. Суу үйлөрдүн жер төлөлөрүнө жана жашоо бөлмөлөрүнө чейин кирген.

Учурда аймакка кошумча насостор орнотулуп, короолордогу сууну сордуруп чыгаруу жана тазалоо иштери жүргүзүлүп жатканы маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан