Бүгүн, 17-ноябрда Жалал-Абад облусунун Манас шаарында өтө турган марафонго байланыштуу саат 14:30дан 15:30га чейин айрым көчөлөрдө унаа кыймылы убактылуу токтотулат. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.
Маалыматка караганда, Байзаков проспектинин Курманбек көчөсүнөн Эркиндик көчөсүнө чейинки бөлүгү, ошондой эле Эркиндик көчөсүнүн Бакиев жана Байзаков проспекти менен кесилишкен жерлери жабылат.
Мекеме шаар тургундарын жана конокторун каттамдарын алдын ала пландап, убактылуу чектөөлөрдү эске алууга чакырды.