Аргентинанын футбол боюнча экинчи лигасында дарбазачынын жанында фейерверк атылып оюн токтотулду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, окуя 15-ноябрда Пуэрто-Мадрин шаарындагы "Абель Састре" стадионунда болгон. "Депортиво Мадрин" жана "Депортиво Майпу" командаларынын беттеши учурунда дарбазачы Науэль Галардинин жанында фейерверк жарылган. Натыйжада ал оюн талаасында жыгылганын көрүүгө болот.
Оюн 81-мүнөттө токтотулуп, 52 мүнөттөн кийин калыс беттешти биротоло токтотууну чечкени маалым болду.
Дарбазачыга оюн талаасында биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, ал шаардык ооруканага жеткирилгени кабарланды.