Биз социалдык тармакта

Кыргызстанда эмгек акы төлөөгө бөлүнгөн каражат 203,5 миллиард сомго жетти

Кыргызстанда 2026-жылы эмгек акы төлөөгө 203,5 миллиард сом багытталат. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 2027-жылга карата республикалык бюджеттин долбоорун тааныштырууда билдирди.

Анын маалыматына ылайык, 2025-жылы эмгек акы төлөөгө 140,3 миллиард сом жумшалган. Ал эми 2026-жылы бул көрсөткүч 203,5 миллиард сомго жетет. Быйыл эмгек акы 1-апрелден жана 1-сентябрдан тартып жогорулатылды.

Ошондой эле Касымалиевдин айтымында, 2026-жылдын январь-октябрь айларында республикалык бюджеттин кирешеси 693,8 миллиард сомду түзүп, белгиленген пландан 27,9 миллиард сомго ашкан. Бул мезгилде бюджеттин чыгашалары 589,5 миллиард сом болду.

Белгилей кетсек, 2027-жылы өлкөнүн ички дүң продукциясынын көлөмү 2 триллион 736 миллиард сомдон ашат деп болжолдонууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан