Биз социалдык тармакта

Бишкекте майыптыгы бар жарандарды багып жаткандарга азык-түлүк жардамы көрсөтүлүүдө

Бишкектин Свердлов районунда бала кезинен биринчи топтогу майыптыгы бар, туруктуу кароого жана көзөмөлгө муктаж адамдарды багып жаткан жарандарга азык-түлүк жардамын көрсөтүү улантылууда. Бул тууралуу бүгүн, 18-ноябрда мэриядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бул демилге Бириккен улуттар уюмунун программасынын алкагында ишке ашырылууда.

"Жардам алуучуларга ун, өсүмдүк майы жана буурчак камтылган азык-түлүк топтомдору берилүүдө. Аталган иш-чара өзгөчө камкордукка жана туруктуу жардамга муктаж жакындарына күн сайын кам көрүп келген жарандарды колдоого багытталат",- деп кошумчалады мекеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан