Балыкчы – Жалал-Абад альтернативдүү унаа жолунун үч тилкесинде заманбап жол тейлөө пункттары курулду. Бул тууралуу кечээ, 17-ноябрда Транспорт министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, объекттер жолдун 107-чакырымында, Тогуз-Торо районунун аймагындагы 260-чакырымында жана Сузак районундагы 357-чакырымында жайгашты. Учурда курулуш иштери аяктоо алдында турат.
"Жаңы пункттар жол тейлөө кызматкерлеринин иштөөсүнө, атайын техникаларды жайгаштырууга жана тейлөөгө шарт түзөт. Ошондой эле алар ар кандай аба ырайы шарттарында жолдорду үзгүлтүксүз тейлөөгө багытталат. Мындан ары мындай заманбап жол тейлөө пункттарын өлкөнүн башка автомобиль жолдорунда да куруу пландалууда",- деп белгиленди маалыматта.