Бишкектеги Селекция айылында 20-ноябрда саат 10:00дөн 20:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү, саламаттык сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объекттерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектелет:
Алыкулов – Ганди – Эгиналиев – Өмүр.
Маалыматка караганда, мындай чектөө Ганди көчөсүндөгү жаңы суу түтүктөрүн кошуу иштерин жүргүзүүгө байланыштуу.