Бишкектеги Аламүдүн каналынын таштанды топтолгон аймагы тазаланды. Бул тууралуу бүгүн, 18-ноябрда Жаратылыш министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, социалдык тармактарда тараган видеодон кийин министрликке караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору аталган жерге барып текшерүү жүргүзүштү.
Анын жүрүшүндө аймак Чүй башкы суу чарба башкармалыгынын балансында экени аныкталды. Тиешелүү тапшырмадан кийин жооптуу тараптар тарабынан Аламүдүн каналы тазаланып, топтолгон таштандылар толугу менен чыгарылды.