Бүгүн, 18-ноябрда Бишкек убактысы боюнча саат 6:46да Тажикстандын аймагында, Кыргызстан менен чек арага жакын жерде очогундагы күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.
Жер титирөөнүн очогу Кара-Тейит айылынан түштүк-батышка карай 32 чакырым, Баткен шаарынан түштүк-чыгышка карай 102 чакырым аралыкта жайгашкан.
Кыргызстандын Кара-Тейит, Шибээ жана Карамык айылдарында жер титирөө 3 баллга чейин сезилгени маалым болду.