Чүй облусунда пневматикалык мылтыктан жаракат алган 11 жана 13 жаштагы өспүрүмдөрдүн абалы туруктуу. Маалыматты Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы SUPER.KG порталына тастыктады.
Эскерте кетсек, кечээ, 17-ноябрда 24 жаштагы жаран пневматикалык мылтык менен жолдон өтүп бара жаткан адамдарга ок чыгарган. Бул окуядан эки өспүрүм жаракат алып, ооруканага жеткирилди. Шектүү бүгүн, 18-ноябрда кармалды.