Ала-Арчадагы чокулардын биринде каза болгон Амир Кунакуновдун атасы Максат Кунакунов өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына баласына арнап билдирүү калтырды.
"Бүгүн сен 15 жашка чыкмаксың, Амир. Биздин балабыз. Биздин баатырыбыз. Сен жүрөгүбүздө түбөлүккө каласың. Адилеттүүлүк орнойт деп ишенебиз жана бул ишеним жөн гана үмүт бойдон калбашы үчүн бар күчүбүздү жумшайбыз",- деп жазды ал.
Эскерте кетсек, Амир Кунакунов 7-ноябрда Ала-Арча паркына чуркоого кетип, кайра келген эмес. 9-ноябрда анын сөөгү "Электро" чокусуна жакын аймактан табылган.