Манас шаарынын Ак-Тилек кичи шаарчасында А, Б, В жана Г блоктордон турган мектептин курулушу аяктады. Бул тууралуу бүгүн, 18-ноябрда Курулуш министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, имараттын жалпы аянты 4200 чарчы метрди түзүп, ал 375 орунга ылайыкташкан. Мектептин курулушу үстүбүздөгү жылдын март айында башталып, заманбап талаптарга ылайык курулду.
Белгиленгендей, 2026-жылдын башында Манас шаарында 6 мектептин курулушу башталган. Бүгүнкү күндө алардын бешөөсүнүн курулушу толук аяктады.