Ысык-Көл. Каракол шаарынын борбордук аянтына 11 метрлик Жаңы жылдык балаты орнотулду

Каракол шаарында 15-декабрдан баштап Жаңы жылга карата шаарды кооздоо иш-чаралары жүрүүдө. Борбордук аянтка тигизген балатынын узундугу 11 метрди түзүп, учурда түрдүү оюнчуктар менен кооздолууда. 31-декабрда шаардыктарга жана шаар меймандарына шаардык мэрия, депутаттардан жана жергиликтүү тургундар тарабынан даярдалган майрамдык иш-чара болот. Ошондой эле шаар жаштарынын көпчүлүк бөлүгү борбордук аянтка чогулгандыктан, атайын концерттик программа, сынактар, оюн-зооктор менен коштолот. Соңунда, саат 23:00дө фейерверк жандырылат. Маалыматка ылайык, бул кечеге жергиликтүү бюджеттен 25 миң сом  бөлүндү. Ал эми балаты майрамына 110 миң сом каражат бөлүнгөн. Бул тууралуу Каракол шаарынын мэри Ишенбек Өмүрканов билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан