Биз социалдык тармакта

Өзбекстан: Абактагыларга ЖОЖдордо онлайн окууга уруксат берилет 

2027-2028-окуу жылынан тарта Өзбекстанда абакта жаза мөөнөтүн өтөп жаткан жарандар жогорку окуу жайларга тапшырып, аралыктан билим ала алышат. Бул тууралуу чет өлкөлүк маалымат каражаттары кабарлашты.

Маалыматка караганда, абактарда окуу жана практикалык бөлмөлөр түзүлүп, 2030-жылга чейин суроо-талапка ээ 50 кесип боюнча окутуу программалары киргизилет.

"Жыл сайын 15-20 миң соттолуучуну кесиптик даярдыктан өткөрүү пландалууда. Бийлик бул чаралар кайра кылмыш жасоо көрсөткүчүн 30 пайызга кыскартууга жана абактан чыккандардын коомго аралашуусуна жардам берет деп күтүп жатат",- деп белгиленди маалыматта.

Белгилей кетсек, былтыр Өзбекстанда китеп окуган абактагылардын жаза мөөнөтүн кыскартуу боюнча мыйзам кабыл алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан