Биз социалдык тармакта

Дональд Трамптын учагы Кытайдын Шэньчжэнь шаарына конду (видео)

АКШнын президенти Дональд Трамп Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтык уюмунун саммитине катышуу үчүн Кытайдын Шэньчжэнь шаарына барды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдиришти.

Аны Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин аэропорттон тосуп алды. Саммиттин алкагында Трамп Орусиянын президенти Владимир Путин жана Кытайдын төрагасы менен үч тараптуу жолугушуу өткөрөт. Лидерлердин сүйлөшүүсү 19-ноябрга пландалган.

Ал эми АТЭК саммити 18-19-ноябрь күндөрү Шэньчжэнь шаарында өтөт. Уюмга Азия-Тынч океан аймагындагы 21 өлкө мүчө.

Дональд Трамптын учагы Кытайдын Шэньчжэнь шаарына конду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан