Бүгүн, 18-ноябрда блогер Канат Шабданбеков Пакистанда өзүнүн өзгөчө образы менен жергиликтүү тургундардын көңүлүн бурду. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына видео жарыялады.
Видеодо блогер Пакистандын улуттук кийимин кийип, султанды элестеткен образда жүргөнүн көрүүгө болот.
Белгилей кетсек, Канат Шабданбеков Билим күнүндө өзгөчө кийими менен Бишкек шаарынын тургундарын таң калтырган.