Биз социалдык тармакта

Саламаттык сактоо министрлиги Курултайда айтылган тапшырмалардын 75,2 пайызы аткарылганын билдирди

Саламаттык сактоо министрлиги Элдик курултайларда айтылган тапшырмаларды ишке ашырууда. Бул тууралуу кечээ, 18-ноябрда аталган министрликтен билдиришти.

Мааламатка караганда, ушул жылдын III кварталынын жыйынтыгы боюнча министрликтин компетенциясына кирген 250 тапшырманын 101и толук аткарылды, дагы 87си боюнча иштер уланууда.

"Бул жалпы тапшырманын 75,2 пайызын түзөт. Медициналык мекемелерди куруу жана модернизациялоо, материалдык-техникалык базасын жаңылоо, адистештирилген медициналык жардамды өнүктүрүү жана аймактарга медициналык кадрларды тартуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары, облустук жана райондук саламаттык сактоо уюмдарына компьютердик томографтар орнотулду. Ошондой эле быйыл 130га жакын "Тез жардам" унаалары жеткирилгени маалым болду",- деп белгиленди маалыматта.

Саламаттык сактоо министрлиги тапшырмаларды этап-этабы менен ишке ашырууну улантып, калк үчүн медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатууга өзгөчө көңүл буруп жатканын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан