Бүгүн, 19-ноябрда таңкы саат 05:02де Кыргызстан менен Тажикстандын чектеш аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу сейсмология институтунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Ормош айылынан 7 чакырым батышта, Баткен шаарынан 35 чакырым түштүк-чыгышта жайгашты.
Жер титирөөнүн күчү болжол менен 3 баллды түздү.