17-ноябрда Кытайдын Шэньчжэнь шаарында өтүп жаткан АТЭС саммитинин алкагында конокторго жана туристтерге 100дөй робот бийледи. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, бул технологиялык шоу саммиттин программасынын бир бөлүгү катары уюштурулуп, анда татаал кыймылдарды жасап, согуштук ыкмаларды гана туурап тим болбостон, адамдарга эркин аралаша алган заманбап роботтордун мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлдү.
Белгилей кетсек, Кытайда АТЭС саммити 18-19-ноябрда өтүп, бул иш-чарага 13төн ашык өлкөнүн лидерлери катышууда. Ошондой эле Владимир Путин, Дональд Трамп жана Си Цзиньпиндин үч тараптуу сүйлөшүүлөрү өтөрү болжолдонууда.