Португалиялык футболчу Криштиану Роналду манжалары менен "М" тамгасына окшош белги көрсөтүп, күйөрмандарын анын маанисин табууга чакырды.
Футболчу видеосун 16-ноябрда социалдык тармактагы баракчасына жарыялап: "Силер түшүндүңөрбү?",- деген суроо узатты.
Күйөрмандардын божомолуна ылайык, бул белги анын карьерасындагы 1000 голго жетүү максатына байланыштуу болушу мүмкүн. Анткени рим цифраларында "М" тамгасы 1000 санын билдирет.
Айрымдары бул белгини уулу Матеонун ысымынын биринчи тамгасы менен байланыштырса, башкалары рэп аткаруучуларга тиешелүү "М" тамгасы болушу мүмкүн деп божомолдошууда.
Роналду бул белгинин маанисин азырынча расмий түшүндүрө элек. Сиздин оюңузча, ал эмнени билдирет?