Бишкекте 21 килограмм баңгизаты менен 2 адам кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин кызматкерлери тарабынан Орусияга маңзат ташуу менен алектенген Кыргызстандын 2 жараны кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 6-февралда билдирди. 

Маалыматка ылайык, борбордо баңгизатын сатуу менен алектенген топтун эки мүчөсү Ш.О. жана Ж.К. кармалган. Алар көп убакыт аралыгында Орусия Федерациясынын аймагына маңзатты сатып келгени аныкталган. 

Тергөө амалдарынын негизинде кармалгандарга тиешелүү 21 килограмм баңгизаты табылган. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
eblk
2014-02-07 13:53:17
Да дагы бир барыга кети.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан