Ысык-Көлдүн Тоң районуна караштуу Эшперов айылында турак үйлөрдүн жер төлөлөрүнө кирген сууну агызуу үчүн 23-ноябрдан тарта дренаждык канал курулат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, кечээ, 21-ноябрда Белеков көчөсүндөгү үч үйдүн жер төлөсүн суу каптады. Куткаруучулар сууну мотопомпа менен сордуруп, анын келип чыгуу себебин аныкташты.
"Жергиликтүү тургундар айдоо жерлерди сугаруу максатында каналдагы суунун нугун бурушкан. Суу көп убакыт айдоо аянттын каптагандыктан жерге сиңип, жакын жайгашкан турак үйлөрдүн жер төлөсүнөн чыга баштаган",- деп кошумчаланды маалыматта.