Белгилүү балбан Айсулуу Тыныбекованын Париждеги Олимпиада оюндарында кийген спорттук кийими кайрымдуулук аукционунда 600 миң сомго сатылды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасында билдирди.
Анын айтымында, бул трико спорттогу эмгеги, толкундануусу жана баа жеткис эскерүүлөрү менен байланыштуу. Спортчу андан ажыроо оңой болбогонун, бирок түшкөн каражаттын кайрымдуулукка жумшалары кубандырганын белгиледи.
"Чогулган каражат жаштарга билим алууга багытталат. Колдоо көрсөткөн ар бир адамга чоң рахмат. Эң чоң жеңиш өз ийгилигиң менен башкаларга жакшылык тартуулоо",- деп жазды Тыныбекова.