Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Арашан айылынын жогору жагында шыйрагы сынган эликтин чаарчыгы куткарылды. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноябрда Жаратылыш министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, жаракат алган жаныбар тууралуу жергиликтүү тургундардан маалымат түшкөн. Анын негизинде Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча башкармалыгынын кызматкерлери окуя болгон жерге барып, текшерүү жүргүзүшкөн.
Текшерүүдө чаарчыктын шыйрагы сынганы аныкталып, ага жардам көрсөтүү үчүн жапайы жаныбарларды реабилитациялоо борборуна жеткирилди. Ал жерде ветеринардык дарыгерлердин кароосуна өткөрүлүп берилди.
Министрлик жарандарды жапайы жаныбарларга аяр мамиле жасап, жарадар же жардамга муктаж жаныбарларга туш болгон учурда тиешелүү органдарга кабарлоого чакырды.