Аламүдүн районунда бейбаштыкка шектелип уюшкан кылмуштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу 6-февралда Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга кайрылган жабырлануучу белгисиз адам бычак менен коркутуп акча талап кылганын айткан. Ал акчасы жок экенин айтканда ур-токмокко алып, 10 500 сомун тартып алган. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында Кемин районунун 35 жаштагы тургуну кармалды. Анын буга чейин соттолгону белгилүү болгон.
Мындан сырткары кылмышка шектүү А.Батукаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун жигердүү мүчөсү катары каттоодо турганы аныкталган. Ал убактылуу кармоочу жайга жеткирилип, иликтөө иштери башталды.